АКШда республикачыл партиядан президенттикке үмүткер Доналд Трамп кечээ дагы 3 штатта ички партиялык шайлоодо жеңди. Трампка Мичиган, Миссисипи жана Гавайиде артыкчылык беришти. Анын негизги атаандашы, экинчи орунда келаткан сенатор Тед Круз Айдаходогу жарышты утту.
Демократтарда болсо мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Миссисипиде жеңип, ажырымын дагы көбөйттү. Бирок Мичиганда жыдып, атаандашы сенатор Берни Сандерске утулуп калды.
Клинтон азыркыга чейин 22 штаттын 13үндө ийгиликке жетип, ноябрдагы жалпы шайлоого даярдык көрө баштагандай.
Ички партиялык шайлоо же праймериз ушуну менен жарымына келип калды. Жай айларында партиялардын курултайларында президенттикке талапкерлер тандалып, 8-ноябрда демократ Барак Обаманын ордуна келчү президент шайланмакчы.