Иран бүгүн да баллистикалык эки ракета сынады. Жергиликтүү маалымат каражаттары Qadr H ракеталары өлкө түндүгүнөн 1 миң 400 километрдей алыс жайгашкан буталарга атылганын маалымдашты. "Фарс" кабар агенттиги билдиргендей, алардын бооруна “Израиль жок кылынышы керек” деп жазылган. Ракета сыноолор АКШ вице-президенти Жо Байдендин Израилдеги сапарына тушташ жүргүзүлдү.
АКШ Мамлекеттик департаменти 8-марттагы сыноону сындап, бул маселени Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде козгоорун эскерткен. Эки ай мурун Вашингтон өткөн октябрда Эмад ракеталарынын сыналышына байланыштуу ирандык бир нече компаниялар менен жеке адамдарга санкция киргизген.