Болот Жунусов Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилигинен бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Усенов билдирди.
- Болот Жунусовдун ордуна президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Болот Отунбаевди Россия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду.
Болот Жунусов 2012-жылы Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалган. Ага чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин милдетин аткарып келген. (SDz)