Парламент комитети Ошто Сирияга азгырылгандар маселесин карайт

Cириянын талкаланган шаары.

Жогорку Кеңешитин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 14-15 март күндөрү Ош шаарында көчмө жыйын өткөрүп, Сирияга тартылып жаткан жарандар боюнча маселени карашат.

Парламенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, депутаттар Ош областындагы адам сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү маселелерди талдап, адам сатуунун курмандыктарынын социалдык-укуктук абалы менен жеринде таанышат.

Депутаттар мындан башка эрте никелешүүнүн социалдык жана укуктук кесепеттерин талкуулайт. Бул багытта көчмө жыйынга вице-премьер–министр Гүлмира Кудайбердиева кеңири маалымат берүүсү күтүлүүдө. (SDz)