Бишкек мэрия тарабынан уюштурулган жыйынга өкмөт башчы Темир Сариев, президенттик аппараттын өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын мэри катышат.
Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда боло турган жыйында Темир Сариев Кыргызстандагы энелерди, кыз-келиндерди 8-март майрамы менен куттуктайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)