Апрелчи Турдумалиев президентке кайрылды

Апрель окуясынын баатыры аталган Дуулат Турдумалиев Фейсбук тармагы аркылуу президент Атамбаевге видео-кайрылуу жасады. Ал мамлекет башчыдан 2010-жылдын апрелине чейинки окуялар бүгүнкү күнү кайталанып жаткандыгын айтат.

Турдумалиев Убактылуу өкмөт 2010-жылы апрель курмандыктарын жерге берип жатып, 107 кишинин мүрзөсүнүн жанында берген антына турган жок деп эсептейт. Азыркы бийлик тарабынан өзүнө куугунтук, коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын айткан Турдумалиев видео кайрылуусун өзү үчүн казылган мүрзөнүн жанына туруп жасаган.

Талас облустук милициясы Дуулат Турдумалиевге куугунтук болбогонун жана андан өзүн коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканы тууралуу арыз түшпөгөнүн “Азаттыкка” билдирди.(ZKo;SS)