Жогорку окуу жай ректорлоруна талап катуулайт

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.

“Улуттук” деген макамы бар окуу жайдын ректорлугуна талапкерлерге талап күчөтүлөт. Буга байланыштуу мыйзам долбоор бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында биринчи окууда талкууланды.

“Билим берүү жөнүндө” мыйзамга ылайык мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректору кызмат ордуна илимий наамы (доцент, профессор) жана илимий даражалары (илимдин кандидаты, доктору) бар адамдар талапкер боло алат. Эл өкүлү Рыскелди Момбеков жогорку окуу жайлардын ректорлорун шайлоо принциптеринен кайтпоо керектигин белгиледи.

-Бизде башы шайлоо менен башталып, аягы тандоо менен бүтүп атат. Бул башы демократ, аягы бюрократ. Тандоо кандай өтөт бизде, капчыгы калыңдар барат. Мисалы, Улуттук университетке доктор, академик өтпөй калып, кандидат өтүп калды. Ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин нааразылык жаралууда.

Кыргызстанда “улуттук” статусу ыйгарылган 4 жогорку окуу жайы бар. Алар Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы жана Т.Садыков атындагы Көркөм сүрөт улуттук академиясы.

2014-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине ректор шайлоо өтүп, эң көп добуш алган Илимдер академиясынын вице-президенти Алтай Бөрүбаев, Улуттук университеттин Кыргыз-европа факультетинин деканы Чынара Адамкулова жана ушул эле университеттин Кыргыз-кытай институтунун директору Болот Токтобаевдин талапкерлиги өкмөт башчынын кароосуна жиберилген. Жыйынтыгында премьер-министр Адамкулованы ректор кылып дайындаган. (КЕ)