"Чоң шейшембиде" Трамп менен Клинтон алдыга чыкты

АКШ президенттигине демократтардан талапкер Хиллари Клинтон.

Республикачы Дональд Трамп менен демократ Хиллари Клинтон “Чоң шейшембидеги” партиялык жарышта жеңишке жеткени маалымдалууда.

1-марттагы добуш берүүнүн жыйынтыгында Трамп да, Клинтон да 12 штаттын жетөөндө жеңишке жетишти.

Трамп Алабама, Жоржия, Массачусетс, Виржиния, Арканзас, Вермонт жана Теннессиде республикачылардан алдыга чыкса, Клинтон Алабама, Жоржия, Теннесси, Техас, Арканзас, Массачусетс жана Виржинияда демократтардын алды болду.

Эгер ушул ыраат сакталса Клинтон менен Трамп 8-ноябрда өтчү АКШ президенттигине шайлоодо өз партияларынан талапкер болушу ыктымал.

Трамптын атаандашы сенатор Тед Круз өзүнүн туулган штаты Техаста, андан тышкары Оклахома менен Аляскада жеңишке жетти.

Ал эми Клинтондун атаандашы Берни Сандерс өзүнүн Вермонт штатында, ошондой эле Оклахома менен Колорадодо алдыга чыкты.

“Чоң шейшемби” - 2016-жылкы праймериз таймаштарынын эң ириси. Анын жыйынтыгы менен партиялар праймериздеги добуштун санына карай өз курултайларына делегаттарды шайлашат. Курултай партиядан президенттикке талапкерин көрсөтөт.