Баткен шаар башчысы шайланды

Баткен шаары.

Мындай кабарды Баткен шаардык кеңешинен “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка ылайык, Баткен шаар мэрин шайлоого жергиликтүү кеңештин 31 депутаты катышты. Шаар башчы кызмат ордуна эки талапкер катталып, “Ата Мекен” фракциясынан депутат Гапарали Матказиев көпчүлүк добуш менен мэр болуп шайланды.

Матказиев буга чейин жеке ишкердик менен алектенип келген. 2013-жылдан бери Баткен шаарын жетектеп келген Жаныбек Жалалов өткөн айда өз арызы менен жумушунан бошогон. (JsA)