Каракол: Спирт заводдун жумушчулары нааразы

“Каракол” спирт заводунун жумушчулары жетекчиликке нааразы. Алардын айтуусунда, заводдун жетекчилери социалдык фондго төлөнбөгөн карызына шылтоолоп ишкананы банкротко учуратып, айлыкты 7-8 айдан бери бербей жатышат. Нааразылык билдиргендер 30дан ашуун жумушчуну иш менен камсыз кылып беришин сурашууда.

Каракол мамлекеттик спирт заводу 2014-жылы 7-июлда карызы көбөйүп кетип жабылган. Заводдун ал кездеги директору СДПК партиясынын мүчөсү, Каракол шаардык кеңешинин депутаты, ушул тапта мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун облустагы жетекчиси Рысбек Темиралиев болчу. (AsM)