Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду жолун жаңыртуу иштерине байланыштуу Чолпон-Атадагы канжолдун боюндагы Раппопорт аллеясы кыйылууда. Унаа жана байланыштар министрлигинен “Азаттыкка” ырасташкандай, кыйылган бактардын ордуна жаш көчөттөр отургузулат.
Буга чейин Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги Чолпон-Атадагы жол жээгиндеги 178 бакты кыюуга уруксат берген. Бул экологдор менен жарандык активисттердин нааразылыгын жараткан. Бирок ошол кездеги вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын көрсөтмөсү менен бак кыюу токтотулган.
Аталган аллеядагы бактар 1934-жылы тигилген. Шаардын көркүн чыгарган аллеяга Чолпон-Атадагы асыл тукум жылкы заводунун атагын чыгарган Леонид Раппопорттун аты коюлган. (КЕ)