Жаңы университет студентти күтөт
Борбор Азия университети 2016 - 2017-окуу жылга алгачкы студенттерин кабыл алат.
Алгач университет төрт этаптан турган курулушту пландап, учурда 1-этаптын 70 пайыздан ашыгы бүттү.
70 студентке ылайыкталган окуу жай кийин 1200 орунга чейин кеңейтилиши мүмкүн.
200дөн ашуун киши окуу жайдын курулуш иштери, анда кимдер, кантип окуй алары тууралуу маалымат алышты.
Окуу жайдын негизги залы
Учурда курулуштун 70 пайыздан ашыгы бүтүп калды.
Бир группада эң көп дегенде 18 студентке чейин болот.
Студенттердин окуу бөлмөсү.
БАУнун китепканасы. Бул жерде коноктор үчүн атайын чай уюштурулду.
Ар бир студентке жатаканада бөлмө берилет.
70 студентке тажрыйбалуу сегиз мугалим сабак берет. Алардын 90 пайызы профессор наамына ээ болору күтүлүүдө.
Борбор Азия университетинин курулуш иштери 2008-жылы башталган.
Окуу үчүн бир жылдык төлөм 5000 доллар, ал эми кампуста жатып окуу үчүн дагы 3000 доллар төлөйт.
Курулушка жалпы 85 миллион доллар чыгымдалган.