Ооруканадан чыккан таштанды

Жайыттан берилген таштанды төгүүчү жайда жакынкы Таш-Булак, Барпы айыл өкмөттөрүнүн малы кээ бир учурларда жайылып кетет экен.

Полигондо санитардык-эпидемиологиялык абал өтө начар жана адам өмүрүнө коркунучтуу жагдайлар да түзүлгөн десе болот.
 

Жалал-Абаддын таштанды жайында шаардын ооруканаларынан чыккан зыяндуу калдыктар да төгүлөт экен.

Норма боюнча ооруканалардан чыккан таштанды калдыктары атайын түзүлгөн полигонго төгүлүшү шарт.

Бул таштандыларда ар кандай операциядан чыккан калдыктар, шприц, бинт жана башка доктурлардын колдонуудан чыккан буюмдары болушу толук ыктымал.

Бул калдыктарды атайы жайда акиташ жана башка химиялык жолдор менен айлана-чөйрөгө зыяны тийбегендей жок кылышы шарт.

Жалал-Абад шаарынын таштандыларды төгүүчү полигону 2009-жылы Барпы айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлгөн.