Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Жолугушууда Сегизбаев өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күндөлүк иштер тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле антитеррористтик иш-чараларды жакшыртуу үчүн көрүлүп жаткан аракеттер, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги багыттарын талкуулашты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. (КЕ)