Түйшүккө байланган балалык

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Майып энесин жана инисин багуу үчүн базар аралап желим баштык чогулткан 13 жаштагы Айчүрөктүн окуясы көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, соцтармактарда кызуу талкуу жаратты. Бирок Айчүрөк Кыргызстандагы ушул сыяктуу бала кезинен турмуш жүгүн көтөрүп, иштөөгө аргасыз болгон миңдеген балдардын бирөө гана. "Азаттык +" бул жолу балдар жана өспүрүмдөрдүн оор турмушу жана эмгекке эрте тартылуусу тууралуу сөз кылды.