Токтогулдуктар бийликке мөөнөт койду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Токтогулдуктар алтын кен боюнча бийликке мөөнөт койду. Райондун Чолпон-Ата айыл аймагынын жашоочулары бүгүн айылдын борборуна чогулуп, Узун-Акмат алтын кенин иштетүүгө каршылыгын билдирип чыгышты. Уюштуруучулардын баамында, нааразычылык акцияга 1500 киши чогулду, ал эми район бийлиги 300дөн ашык адам чогулганын ырастады. Митингдин соңунда чогулгандар 5-март күнү өкмөт мүчөлөрү келип эл менен жолугушуусун талап кылып тарап кетишти.