Украинанын элчиси Николай Дорошенко кыргыз-украин эркин соода жүргүзүү аймагы келишимин бузуу тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлигинин демилгеси боюнча пикирин билдирди. Элчи “Азаттыкка” курган маегинде кыргыз тараптан 1994-жылы түзүлгөн келишимди денонсациялоо сунушталып жатканы тынчсыздандырарын айтты:
- Украина менен Кыргызстандын кызматташтыгы тууралуу келишим – бул ишкерлик жана экономика өнүгүп жаткан жер. Экономика министрлигинин бул келишимди бузуу тууралуу демилгеси, ачык айтсам, мени аябай таң калтырды.
Николай Дорошенко бул маселени 24-февралда Жогорку Кеңештин эл аралык комитетинин отурумунда козгоп, келишимге каршы чыккан. Аны комитеттин мүчөлөрү колдоп, бул маселени иликтешерин билдиришкен.
Кыргызстандын Экономика министрлиги кыргыз-украин эркин соода жүргүзүү аймагы тууралуу эки тараптуу келишимди жокко чыгаруу жөнүндө мыйзам долбоорун коомчулуктун талкуусуна койгон. Министрлик бул кадамын КМШ өлкөлөрүнүн ичинде эркин соода жүгүртүү аймагы тууралуу жаңы мыйзам ишке киргенине байланыштуу, эки тараптуу келишимге зарылчылык жоктугу менен байланыштырган.
Айрым серепчилер бул демилгенин артында Орусия турганын айтышууда. (ZKo)