Журналистке кол салуу ишин спикер күч органдары менен талкуулады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн парламент отурумунда билдирди. Спикер Турат Акимовго кол салуу боюнча ички иштер министри, УКМК төрагасы жана баш прокурор менен жолугуп, сүйлөшкөнүн айтты. Асылбек Жээнбеков бул ишти мамлекет башчы өз көзөмөлүнө алганын белгилеп, журналистке кол салуу окуясы көңүл борборунда болорун кошумчалады.

Бир нече күн мурун Бишкекте “Деньги и власть» гезитинин редактору Турат Акимовго белгисиз бирөөлөр кол салып, арматура менен сабап кетишкен. Акимов буга өзүнүн журналисттик ишмердиги себеп экенин белгилеп, мунун артында ИИМ министри Мелис Турганбаев турат деген шегин жарыялаган.(ZKo)