“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун лидери Азиза Абдырасулованын билдирүүсүнө караганда, кайрылуу Жогорку Кеңештин Адам укуктары, мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетине жолдонду. Анда биринчи окууда кабыл алынган мыйзамды четке кагуу өтүнүчү келтирилди.
Жогорку Кеңештин комитети мыйзам боюнча 29-февралда коомдук угууларды өткөрөт. Ага депутаттар, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышып, мыйзам долбоорун талкуулашат. 24-февралда “Бир дүйнө укук коргоо кыймылы” уюштурган форумда да “Чет өлкөлүк агенттер” жөнүндөгү мыйзамды кабыл албоо өтүнүчү бийликке жолдонду. (AiT)