Аскердик альбом
Эл акыны Шайлообек Дүйшеев, мындан 40 жыл мурун СССРдин борбору Москва шаарынын этегинде Наро-Фоминск шаарында кызмат өтөгөн.
Өкмөт башчы Темир Сариевдин аскердеги жана азыркы күндөгү сүрөттөрү.
Саясатта генералдык деңгээлдеги орду бар Өмүрбек Текебаев Крым жарым аралындагы Феодосия шаарында курулуш батальонунда 1981-1983-жылдары кызмат өтөгөн.
Экс-премьер министр, "Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Германия Демократиялык Республикасынын Кенигсбрюг шаарында аскердик милдетин аткарган.
Ак бантик байланган кызга ашык болуп, элге таанылган эстрада ырчысы Мерген Турган (Мергенбек Рысалиев) 1986-1988-жылдары ошол кездеги Чехословакияда танк батальонунда радисттин милдетин аркалаган. Мыкты кызматы үчүн улук сержант даражасына чейин жеткен.
Коопсуздук боюнча мурдагы вице-премьер Токон Мамытов аскердик күндөрүн Чехословакиянын Шумперг шаарында өткөргөн. Мамытов 1972-1974- жылдары зениттик артиллериялык полктун катарында советтик аба чек араларын кайтарган.
"Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Москва шаарында кызмат өтөгөн.
Жогорку Кеңештин депутаты Алманбет Шыкмаматов 1988-1990-жылдары Ыраакы Чыгыштагы Тынч океанында аскер-деңиз флотунда кызмат өтөгөн.
Жогорку Кеңештин депутаттары Осмонбек Артыкбаев Баку шаарында аба учактарын ондоп кызмат кылса, Каныбек Иманалиев Забайкалье крайында ракеталык бригадада бөлүм командири болгон.
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов Киев шаарында аскердик милдетин аткарган.