Өзбекстандын Хорезм облусунда 6-9-класстардын окуучулары гинеколог-дарыгердин текшерүүсүнөн жапырт өткөрүлүүдө. Үргөнч шаарындагы №9 орто мектептин мугалимдеринин бири буга облустук Элге билим берүү башкармалыгынын кыздардын саламаттыгын текшерүү тууралуу буйругу себеп болгонун кабарлады. Ага ылайык окуучу кыздар ультра толкун аркылуу текшерилүүдө.
Окуучу кыздарды текшерүү ата-энелердин уруксатысыз, Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн көзөмөлүндө мажбурлоо менен жүргүзүлүп жатканы да айтылууда. Анткен менен, Үргөнчтөгү №6 мектептин жетекчилиги ата-энелерге жалпы чогулуштар өткөрүлүп, түшүндүрүү жүргүзүлгөнүн, алардын макулдугу алынганын маалымдады.