Ремонт иштерине байланыштуу Бишкектен “Манас” аэропортуна кеткен жолдун чыгыш тарабындагы бир бөлүгү 22-февралдан тарта убактылуу жабылат. Унаа жана байланыш министрлиги билдиргендей, чыгыш жолунун 7-километрден 30-километрге чейинки жери жабылып, батыш тараптагы жол эки тараптуу каттамда иштей баштайт.
Оңдоо иштери августка чейин жүрөт. Ага республикалык бюджеттен бөлүнгөн 954 миллион сом сарпталат.