Тажикстанда кара байрак илгендер соттолду

Хатлон облустук соту Нурек шаарында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун желегин илип кеткендердин иши боюнча өкүм чыгарды. "Азаттыктын" тажик кызматынын бүгүнкү кабарына караганда, 13 адамдан турган топ өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү күчтөп өзгөртүүгө жана экстремизмге чакырык жасаган деп таанылып, ондон жыйырма беш жылга чейинки абак жазасына кесилди. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, соттолгондордун эң жашы 21де, улуусу 74 жашта.

Бул ишти тергөө өткөн айдын этегинде соңуна чыккан. Былтыр августта тажик ички иштер министрлиги Нурек шаарынын 13 тургуну "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна берилгендик иретинде кара байрак илүүгө шектелип кармалганын кабарлаган. Тергөө маалыматына караганда, алар Сириядагы аталган террордук топтун өзүн Юнус деп тааныштырган түбү тажикстандык согушкери менен интернет аркылуу таанышкан. Согушкер аларга кара байрак илүүнү таңуулаган.