Өспүрүмдөрдүн жыныстык саламаттыгы начарлоодо

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн жыныстык саламаттыгы аксоодо. 2014-жылы 13-17 жаш курагында төрөгөндөрдүн саны 1194 болгон. Аборт жасаткандардын саны да көп болууда деп кабарлайт Республикалык медициналык маалымат борбору.

Акыркы мезгилде жеткинчектер арасында жыныстык жол менен жугуучу инфекциялык ооруга чалдыккандар да арбып жатат.

19 жашка чыга элек 12 өспүрүм быйыл ВИЧ менен катталган.

Өлкөдө өспүрүмдөрдүн саламаттыгын көзөмөлдөө үчүн дарыгерлерден турган 10 көчмө топ түзүлгөн. (BCh)