Пакистан бийликтери түндүк-батыштагы Мохманд районундагы удаама-удаа жасалган эки чабуулдан коопсуздук күчтөрүнүн кеминде тогуз кызматкери мерт болгонун билдирүүдө. Жергиликтүү бийлик өкүлүнүн айтымында, алардын экөө согушкерлер бүгүн эртең менен Дарваза Яка Хунд деген жердеги текшерүү бекетине жасаган чабуулдан ажал тапкан. Калган жети кызматкер Пандиалидеги бекетке кол салуудан мерт болгон.
Бул эки чабуул үчүн тең "Техрик-Талибан Пакистан" жана "Жамаат аль-Ахрар" деген экстремисттик уюмдар жоопкерчиликти өзүнө алды.
Мохманд - Ооганстан менен чек арадагы райондордун бири. Аймакта он жылдан ашуун убактан бери "Ал-Каида" жана "Талибан" сыяктуу террордук топтордун согушкерлерине каршы күрөш жүрүүдө.