Вице-мэрдин жыйында тамеки тартканы сынга кабылды

Малабеков жыйын учурунда. Сүрөт социалдык тармактардан алынды.

Бишкек шаардык мэриясында жергиликтүү бюджет боюнча жыйын учурунда вице-мэр Замирбек Малабековдун тамеки тартышы интернетте кызуу талкуу жаратты. Жыйынга модераторлук кылып жатып тамеки түтөткөн аткаминердин жоругу сындалып, социалдык тармактарда бийликтегилердин маданиятына нааразылыктар айтыла баштады.

Вице-мэр жоругу боюнча журналисттерге комментарий берип, муну 15 саатка чейин созулуп жаткан “оор жумушуна” байланыштырган. (SE)