Ала-Букада дүкөндөрдү тоноп жүргөн уюшкан топ кармалды

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда жайгашкан дүкөндөрдү карактап, акча жана тамак-аш азыктарын уурдап жүргөн 5 киши кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Быйыл январь-февраль айларында 4 дүкөн жана бир жеке ишкердин кеңсеси каракталып, жалпысынан 700 миң сомдук зыян келтирилген.

Атайын уюштурулган рейддин жүрүшүндө Чаткал районунун Сумсар айылынын тургундары шектүү катары колго түшүп, камакка алынды. (RsK)