Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун атайын миссиясынын байкоочулары Донбасстагы кырдаал курчуганын кабарлашты.
“Азаттыктын” украин кызматына берген маегинде миссиянын төрага орун басары Александр Хуг соңку эки апта ичинде атышуулар көбөйүп, жай тургундардын арасында жоготуулар өсүп жатканын билдирди. Хугдун айтымында, абалдын курчушуна Минскиде келишилген коопсуздук аймагынын ушул күнгө чейин түзүлбөй жатышы түрткү болууда. Ок атышпоо келишими негизинен Горловка шаарынын түндүгүндө, Донецк аэропортунун жака белинде бузулуп жатканы айтылды.
Соңку бир сутка ичинде украин армиясынын маалыматы боюнча өлкө чыгышында орусиячыл козголоңчулар алтымыштан ашык ирет ок чыгарышкан. Алар негизинен Пески, Красногорова, Широкино, Зайцево айылдарындагы украин аскерлеринин болжолдуу жайларына багытталган.