“Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо уюму “Эл биринчи, бийлик экинчи!” деген өңүттөгү долбоорду ишке ашырууда. Ал сөз эркиндигинин коом арасындагы ролун жогорулатууга багытталган. Уюмдун төрайымы Төлөкан Исмаилова “Азаттыкка” билдиргендей, парламентте жарандык активисттердин, бейөкмөт уюмдардын ишмердигин кысымга алган “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзам сунушталганына байланыштуу бул долбоор былтыр августта башталган. Жети облуста адистер эл менен бул жаатта пикир алмашып, кийинки жума иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча баяндама жасалат.
Долбоорду эл аралык “Фридом хаус” уюму колдойт.
Чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдарды "агент" деп атап, көзөмөлдү күчөтүүнү караган долбоорду буга чейинки чакырылыштын депутаттары Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев иштеп чыккан, бирок ал кабыл алынган эмес. Жогорку Кеңештин азыркы курамы аны ушул айда карайт.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.