Маданият жана спорт тармагына каражат тартууну көбөйтүү максатында “Маданият лото” жана “Спорт лото” долбоорлору даярдалууда. Аны Мамлекеттик каржы рыногун жөнгө салуу мекемеси ишке ашырат. Премьер-министр Темир Сариев 12-февралда бул жаатта ишти жандантуу зарылдыгын айтканын өкмөт башчынын басма сөз катчысы Бакыт Асанов “Азаттыкка” билдирди.
Долбоорго ылайык, мамлекеттик лотереядан түшкөн каражат жеке-менчиктерден айырмаланып, каякка жумшалып жатканы ачык болмокчу.
Аталган эки лотерея сатыкка качан чыгарылары азырынча так эмес. (SE)