Лавров менен Керри Сириядагы абалды талкуулашты

Орусиянын жана АКШнын тышкы иштер министрлери Сириядагы абалды телефондон талкуулашты. Орус тышкы мекемеси билдиргендей, министр Сергей Лавров жана мамлекеттик катчы Жон Керри Сирияда ок атышууну токтотуу жана камоолдогу аймактарга гуманитардык жардам жеткирүү керектиги жөнүндө макулдашышты.

11-февралда Лавров жана Керри Мюнхендеги жыйында 5 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу аракеттерин Европа жана Жакынкы Чыгыштан келген расмий өкүлдөр менен сөз кылышмакчы.

БУУнун арачылыгы менен уюштурулган Сирия өкмөтү менен оппозициянын тынчтык сүйлөшүүлөрү өткөн жумада президент Башар Асаддын күчтөрү орус авициясынын көмөгү менен Батыш колдогон козголоңчуларга каршы чабуулдарын күч алдыргандан кийин токтоп калган.