Орусиянын Коргоо министрлиги тараткан кабарга ылайык, дүйшөмбү күнү Псков облусунда Ми-8 үлгүсүндөгу тик учак машыгуу өтүп жаткан учурда жарылып кетип бир учкуч жана үч техник кызматкер жашоо менен кош айтышты. Кырсыктын себеби тактала элек.
Адистер тик учак 1960-жылы жасалганын айтып, андагы коопсуздук чаралары дурус эместигин сынга алышты.
2014-жылы Мурманск облусунда да ушундай тик учак жарылып, 15 адамдын өмүрү кыйылган.