Орусияда кыргыз жана тажик жарандары террорчу деп шектелүүдө

Екатеринбургда “Ислам мамлекети” радикал тобуна мүчө деп шектелген жети киши кармалды. Бул тууралуу Орусиянын маалымат булактары жазып, колго түшкөндөр Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары экенин, сот аларды апрелге чейин камакка алууга чечим чыгарганын маалымдады. Кармалган топту Түркиянын атуулу башкарып жүргөнү айтылууда.

Иликтөөнүн алдын ала маалыматтарына караганда, алар Москвада, Санкт-Петербургда жана Свердлов облусунда жардыруу уюштурууну, андан ары Сирияга кетүүнү пландашкан. Кармоо учурунда шектүүлөрдөн ок атуучу жана жардыруучу куралдар табылган.

Орусиядагы кыргыз элчилиги азырынча буга комментарий бере элек. (SE)