Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук орус драма театрынын актерун өлтүрүп кетишкени тууралуу маалымат иликтенүүдө. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев “Азаттыкка” билдиргендей, анын денеси 7-февралда өзү жашаган үйгө жакын жерден табылып, денесинде ур-соккудан калган издер аныкталган.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, бишкектик 43 жаштагы айым шектүү катары кармалды.
Ползунов 1991-жылдан бери актер болуп эмгектенип, театр сахнасында 30дан ашуун образ жараткан. Маркум менен коштошуу зыйнаты 9-февралда өзү иштеген театрда өтөт. (SE)