Сот Урмат Ишенбеков боюнча БШКнын чечимин күчүндө калтырды

Урмат Ишенбеков

Жогорку Кеңешке “Кыргызстан” партиясынан депутат болуп, өткөн жумада мандатынан ажыраган Урмат Ишенбековдун ишин бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырды.

Ишенбеков БШКнын чечимин негизсиз деп эсептеп, фракциянын сунушу менен депутаттык мандаттан ажыратуу мыйзамсыз экенин билдирген. Бирок сот БШК мыйзам бузган эмес деп тыянак чыгарган. Бул тууралуу Ишенбековдун адвокаты Эрик Рыскулбеков “Азаттыкка” маалымдады. Адвокат бул боюнча Жогорку Сотко көзөмөл арыз жолдонгонун кошумчалады.

БШК 3-февралдагы жыйынында Ишенбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Бир ай мурун “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев жөнөткөн документтердин негизинде фракция мүчөлөрү Чолпон Эсенаманова жана Элмира Жумалиеванын да мандаты алынган эле. (SE)