Жөлөк пулга үмүт арткандар
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Укук коргоочулар аз камсыз үй-бүлөдөгү ар бир балага чегерилчү жөлөк пулду чыныгы муктаждар ала албай жатканын айтып, коңгуроо кагууда. Анткени көпчүлүк жарандар тийиштүү документ чогултуп, аны тапшырууда ар кандай бюрократиялык кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Жарандык коом өкүлдөрү маселени чечүү үчүн жардам акчаны берүү процедураларын жеңилдетип, аны даректүү жеткирүү жагына көңүл бурулушу керектигин белгилешет.