Сариев мамлекеттик органдарда чыгашаны азайтууну сунуштады

Премьер-министр Темир Сариев мамлекеттик каражатты үнөмдөп, чыгымдарды оптималдаштыруу ишин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин 2015-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйынында билдирди.

Сариев өкмөт аппаратында кызматтык унаалар эки эсеге кыскартылганын мисал келтирип, башка мамлекеттик органдарда каражатты үнөмдүү пайдалануу жана керексиз чыгашаларды азайтууну талап кылды.

2015-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 103 млрд 752,7 млн сом, чыгашасы 118 млрд 436,0 млн сом деп бекитилген. (SE)