Тайванда жер титирөөдөн кийин куткаруу иштери уланууда

Куткаруучулар кыйраган үйдүн астында калган жүз кишини издешүүдө. Жер титирөө болгон Тайнан шаарынын мэри Ли Чанг-ти көптөгөн адамдар кыйраган 17 кабат үйдүн астында калганын билдирүүдө.

200дөн ашуун киши куткарылды. 7-февралда жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны 32 жеткени, 500дөн ашууну жарадар болгону маалымдалды.

Тайвандын ички иштер министри үйдө адаттагыдан адамдардын көп болушун Кытайда жаңы жылды тосуу үчүн чогулуусу менен байланыштырды. (AiT)