Гилменд провинциясынын маанилүү району талиптердин колуна өткөнү турат

Атын атабаган командир Би-Би-Сиге берген маалыматка караганда, Сангин району талиптердин колуна өтүп кетиши ыктымал. Аскер жетекчиси өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндө райондогу айрым жерлер турганы менен аларды талиптер басып алышы ыктымал экенин билдирген.

Аскердик булактын ырасташынча, Кабул тараптан өкмөттүк аскерлерди колдоо үчүн жаңы күчтөр келбей, аскерлерди азык-түлүк менен камсыздоо да начар уюштурулган.

Буга чейин Гилменд провинциясынын полиция башчысы Абдул Рахман Саржанг Кабул Герешк, Маржех жана Сангин райондоруна кошумча аскер жөнөткөнүн кабарлаган. (AiT)