Евробиримдиктин жогорку өкүлү Иранга барат

Евробиримдиктин тышкы саясатын жетектеген Федерика Могерини Ирандагы “маанилүү сапарга” даярданып жатканын билдирди.

Өткөн айда Иран дүйнөлүк державалар менен өткөн жайда жетишкен келишимдин шарттарын аткарып, ядролук программасын чектегени жарыяланган. Анын артынан Тегеранга каршы киргизилген экономикалык санкциялардын бир бөлүгү алынган. Могерини 6-февралда билдиргендей, визиттин датасы азырынча белгилене элек. Бирок Иран менен бирге сапардын программасы үстүнөн иштеп жатышат. "Биримдикке кирген бардык 28 өлкө Иран менен ачык саясат жүргүзүүнү колдошот", - деп кошумчалады Могерини шаркеттин тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин. 15-февралда биримдиктин жогорку өкүлү Брюсселде Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен жолугушмакчы.