Фотосынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Конкурстун максаты - жаштарды эмгекти барктоого көндүрүү, кандай кесип болсо да маанилүү жана керектүү экенин көрсөтүү болчу. 

Белектерди "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Султан Каназаров жана "О" уюлдук операторунун өкүлү Айжан Мусалиева тапшырды.

Сынактын жеңүүчүлөрү.

Онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгында жыйналган упайынын саны жагынан арбын добуш топтогон Алина Сыдыкованын “Чек арачы коопсуздукту сактап турат” деген фото сүрөтү биринчи орунду алды. 

Кийинки эки жеңүүчүбүз белекке Wi-Fi-роутерин алышты. Экинчи орунду Жумабай уулу Кубанычбектин “Коруктун эң жаш кызматкери” сүрөтү ээледи.

Үчүнчү орунга Марат Сайранбаев “Кол өнөрчү” деген фото сүрөтү менен татыктуу болду.

Сүрөттүн авторуна конкурстун негизги өнөктөшү – “О” мобилдик оператору смартфонун тапшырды.