Өкмөт “Центерранын” кошумча эмиссия чыгаруу чечими боюнча сотко кайрылат

Кумтөр алтын кени.

Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев 3-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалиция жыйынында билдирди. Ал кыргыз өкмөтү “Центерра Голд Инк” компаниясынын Директорлор кеңеши компаниянын 4,6 миллион даана акциясына кошумча эмиссия чыгаруу чечимине каршы экенин, бул багытта “Кыргыз алтын” ишканасына тапшырмалар берилгенин айтты. Маалыматка караганда, алар юридикалык компания жалдап, сотко кайрылуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Буга чейин Сариев кошумча эмиссия чыгаруу тууралуу чечим эң ири акционер болгон Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына дал келбей турганын, бул айрым эрежелерди бузуу менен жасалганын эскерткен.

19-январда премьер-министр Темир Сариев “Центерра Голд Инк” компаниясынын президенти Фрэнк Херберд жана ишкананын аткаруучу директору Скотт Перрини кабыл алган. Анда Сариев кыргыз тарап 2014-жылдын 18-январындагы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо шарттары жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү процессинен чыгуу тууралуу чечим кабыл алганын жана бул долбоордун алкагында “Центерра Голд Инк” компаниясы берген сунуштар Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербей турганын билдирген. (КЕ)