Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

7-февралдан 13-февралга чейин кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Чек ара кызматынан кабарлашкандай, Кытай улуттук “Жаз майрамына” байланыштуу чек араны жабуу демилгесин киргизген.

Мындан улам “Торугарт-унаа жол” жана “Эркештам-унаа жол” чек ара бекеттеринен машинелер 2016-жылдын 14-февралдан кийин гана өтө баштайт. (КЕ)