Чүйдөгү "ташкендиктер"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чүйдүн Аламүдүн районундагы Мраморное айылында 460тай түтүн эл жашаса, алардын 30 чактысын Өзбекстандын Ташкен облусунан келген этникалык кыргыздар түзөт. Айыл-ападагылар аларды “ташкентскийлер” деп тергешет. Жусуп Жанжигитов 1995-жылы Өзбекстандын Ташкен облусунан жубайын, беш уулун жетелеп, Кыргызстанды көздөй баса берген.