АКШнын Айова штатында баштапкы добуш берүүдө республикачыл партиядан президенттик жарышка түшмөкчү болгон сенатор Тэд Круз алдыга чыкты. Демократиялык партиядан президенттикке барууга үмүткер мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон менен сенатор Берни Сандерс тең чыкты. Праймеризде Тэд Круз 28, Дональд Трамп 24, сенатор Марко Рубио 23 процент добуш алды. Клинтон менен Сэнлерс 50 пайызга бир аз жетпеген добушка ээ болду.
Кийинки добуш берүү сегиз күндөн соң Нью-Гемпшир штатында өтөт. Сурамжылоолорго караганда, Дональд Трамп ал штатта алдыда келатат.
Бул баштапкы добуш берүүлөрдүн натыйжасында АКШдагы эки партия -демократиялык жана республикачылдар партиялары быйыл жайга барып президенттик шайлоого расмий талапкерлерин аныктайт. Кошмо штаттарда президенттик шайлоо быйыл ноябрь айында өтөт.