Сейсмология институтунун маалыматына караганда, Ош облусунда 2-февралга караган түнү күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды, силкинүү эки жолу кайталанды.
Биринчиси 1:33тө катталып, анын очогу Фергана тоо кыркасында, Байбиче айылынан түндүк-чыгышты карай 17 чакырым жана Кара-Дөбө айылынан 15 чакырым түндүк-чыгышта орун алган.
Экинчи жер титирөө 2:10до, Ак-Жылга айылынан 10 чакырым түштүк-чыгышында жана Кожо-Келең айылы тарапта байкалган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыр тарткандар жок. (КЕ)