Кыргызстан аймагында 3-февралда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын түнкүсүн айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8, түндүгүндө -8...-13, күндүз 4...9,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -9...-14, күндүз 2...7,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 4...9,
Баткенде түнкүсүн -3...-8, күндүз 3...8,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5,
Нарында түнкүсүн -17...-22, күндүз -3...-8 суук болот.
3-февралда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6 градус суук, күндүз 6...8 градус жылуу болот. (КЕ)