1-февралдан тарта турак жайды камсыздандыруу мыйзамы күчүнө кирет

Капталынан жарака кеткен көп кабаттуу үй

Өкмөттөн билдиришкендей, турак жайларды камсыздандыруучу мамлекеттик уюмду түзүү боюнча тийиштүү иштер аткарылып бүтүп калды. Анын уставдык капиталы 50 млн. сом болот жана ал 1-февралдан тарта ишке киришет.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча республикада 295 миң квартира, 847 миңден ашуун жер үй жана 3 миң 469 барак үлгүсүндөгү үйлөр бар. Шаарларда үй жана квартираларды камсыздоо үчүн жылына 1200 сом, айылдарда 600 сомдон төлөнөт.

Камсыздандырылган үйлөргө табигат кырсыгы, өрттөн зыян тарткан учурда 500 миң сом төлөнүп берилери кабарланган. (AzK)