ПАРНАС “Яблоко” партиясына саясий союз түзүүнү сунуштоодо

ПАРНАСтын лидери Михаил Касянов

Орусиянын мурдагы премьер-министри Михаил Касьянов төрагалык кылган “Элдик эркиндик партиясынын” (ПАРНАС) Фейсбуктагы баракчасында жарыяланган билдирүүдө Орусиянын азыркы жетекчилиги жетелеген системалык кризис маалында эркиндиктин, демократиянын жана укуктун универсалдуу баалуулуктарына баш байлаган адамдардын биригүүсү зарылдыгы айтылат. Өлкөдө башкача ойлонгондорго каршы компания башталганын белгилеген партия мындан ары “Яблокону” саясий атаандаш катары эсептебей турганын белгилейт. Партия парламенттик шайлоого катышуу үчүн бирдиктүү платформа иштеп чыгууну сунуштоодо. (AzK)