Эл аралык валюта кору менен Дүйнөлүк банк Азербайжанга жардам берет

Бакунун акча алмаштырчу жайлары жабык.

Эл аралык валюта кору менен Дүйнөлүк банк мунайдын арзандашынан жабыркап келаткан Азербайжанга жардам берүү жагын караштырууда. Бүгүн өлкөнүн өтүнүчү менен Бакуга Эл аралык валюта фондунун делегациясы аттанууда.

Financial Times гезити кечээки санында бул эки эл аралык финансылык институт Азербайжанга 4 миллиард доллар кредит пакетин бөлүүнү талкуулап жатышканын жазган. Бирок Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү жардамдын суммасын тастыктоодон баш тартышты.

Азербайжандын улуттук валютасы жыл аягында эркин кое берилгенден бери манат наркынын 40 % жакынын жоготту. Бул өз кезегинде жашоонун кымбатташына алып келип, өлкөнүн жер-жерлеринде нааразылык митингдери өткөн. 19-январда парламент кризисти жөнгө салуу боюнча чараларды бекиткен.